Коом

Ысык-Көлдө эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүрүп, 767 миң сом айып салынды

Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүрүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экологиялык рейд министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Бишкек экологиялык прокуратурасы тарабынан биргелешип уюштурулган.

Аныкталган эреже бузуулар боюнча пансионаттарга жана эс алуу борборлоруна жалпысынан 767 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле жооптуу тараптарга кемчиликтерди тез арада жоюу тууралуу милдеттенмелер жана эскертүүлөр берилди.

Белгиленгендей, калган эс алуу жайлары боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү макулдугу алынгандан кийин, пландан тышкаркы текшерүүлөр дагы улантылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button