Коом

14-июлда Бишкектин айрым аймактарында бир суткага ичүүчү суу өчүрүлөт

14-июль саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин Бишкектин айрым турак үйлөрүндө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт: «Асанбай» кичи району (Куттубаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин), 6-кичи район, 5-кичи райондун бир бөлүгү, 8-кичи райондун түштүк бөлүгү, «Ала-Арча-1», «Ала-Арча-2», «Ала-Арча-3», «Орто-Сай-2», «Сары-Өзөн» шаарчалары, Француз кварталынын батыш тарабы, «Газпром» мектеби жана «Асанбай» дарегиндеги (40/1) объектилер. Ал эми 8-кичи райондо суунун басымы төмөндөйт.

Суу берүү диаметри 600 миллиметр болгон магистралдык суу түтүгүндө жүргүзүлө турган авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды жана мекеме-ишканаларды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button