Пайдалуу кеңештер

Министрлик күндүн ысыгынан коргонууда эрежелерди сактоону сунуштайт

Күндүн түз тийген нурларынын алдында узак убакыт жүрүү адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Дарыгерлер күн өтүүнү оордугуна жараша үч даражага бөлүшөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эң оор — үчүнчү даражада адамдын башы айланып, кайда экенин жана эмне болуп жатканын түшүнбөй калат. Ошондой эле галлюцинация, тырышуу жана эс-учун жоготуу болушу мүмкүн. Мындай учурда тез арада медициналык жардам көрсөтүлүшү керек, антпесе абал өмүргө коркунуч жаратышы ыктымал.

Министрлик күндүн ысыгынан коргонуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:

Жеңил, кенен жана аба өткөрүүчү табигый кездемеден (зыгыр, пахта, жибек) тигилген кийим кийиңиз.

Ачык түстөгү жеңил баш кийимди сөзсүз тагыныңыз.

Бетиңизди жана башыңызды мезгил-мезгили менен муздак суу менен жууп туруңуз же күндөн сактоочу кол чатыр колдонуңуз.

Дайыма таза ичүүчү суу алып жүрүп, бат-баттан суу ичиңиз.

Спирт ичимдиктерин ичпеңиз, анткени алар организмди катуу суусуздантат.

Саат 11:00дөн 16:00гө чейин күндүн түз нурунда көп жүрбөөгө аракет кылыңыз.

Зарыл болсо көлөкөдө болуңуз.

Коомдук транспортту колдонууда эл аз болгон убакытты же тыгыны аз каттамдарды тандаңыз.

Жолдо бара жатканда дененин ачык жерлерин нымдуу салфетка менен сүртүп, сууну көбүрөөк ичиңиз.

Тектеш кабарлар

Back to top button