Коом

Чүйдө кыргыз-орус биргелешкен үрөнчүлүк чарбасы түзүлөт

Кыргызстан менен Россия үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, анын негизинде Чүйдө жогорку сапаттагы үрөн өндүрүү жана селекциялоо боюнча биргелешкен чарба түзүлөт. Долбоор жаңы сортторду сыноого, технология алмашууга жана ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү Краснодар крайына болгон сапарынын алкагында, «АПК КубаньХлеб» ишканасынын өндүрүшү, тажрыйба талаалары жана заманбап үрөн даярдоочу завод менен таанышты.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетовдун айтымында, Кыргызстанда россиялык селекциядагы күздүк буудайдын биринчи гибриддештирүү питомниги түзүлүп, ошондой эле өлкөдөн алгачкы жолу беденин үрөнү Россияга экспорттолду.

Тектеш кабарлар

Back to top button