Коом

Бишкек-2 темир жол бекетинде жүргүнчүлөрдүн жүгүн текшерүү сунушталды

Бишкек-2 темир жол бекетинде жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн, жүгүн жана жүк-багажын милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү эрежелерин бекитүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Долбоордо текшерүү жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана алардын жүгүн текшерүүгө ыйгарым укуктуу кызматкерлердин укук-милдеттери аныкталат.

Документтин негизги максаты — бекеттин аймагына курал-жарак, жарылуучу жана башка кооптуу заттарды, ошондой эле террордук аракеттерде колдонулушу мүмкүн болгон тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө жол бербөө. Бул адамдардын коопсуздугун камсыздап, темир жол инфраструктурасын коргоого багытталган.

Эгер токтом кабыл алынса, Бишкек-2 темир жол бекетинен каттаган эл аралык поезддердин жүргүнчүлөрү жана алардын жүгү поездге отурар алдында милдеттүү текшерүүдөн өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button