Коом
Нарын облусунда жайыттарды мыйзамсыз пайдаланган 11 жаранга айып салынды

Жер жана суу көзөмөлү кызматынын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы жайыт жерлерин коргоо жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо боюнча күчөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүдө.
Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа райондорунун мамлекеттик администрацияларына жана Нарын шаарынын мэриясына түшүндүрүү иштерин күчөтүү, жайыттарда техниканы мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана туруктуу көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле жайыттарда рейддер уюштурулуп, Кочкор районундагы Соң-Көл жайлоосунда мыйзам талаптарын бузган 11 жаран аныкталды. Алардын ар бирине Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 252-беренесине ылайык 7,5 миң сомдон айып салынып, жалпы айыптын суммасы 82,5 миң сомду түздү.



