Тагдыр. Кайын эжелериме «Эмнеге апаңарды өзүңөр алып барып карабайсыңар?..» дегим келет

Турмушка чыкканыма жети жыл болду. Тагдыр мага оорукчан кайынэнени багууну буйруптур. Быйыл аны карап, багып келе жатканыма туура алты жыл болот. Бул жылдар ичинде анын ар бир күнү, ар бир түнү менин мойнумда болду.
Таң атпай ойгонуп тамагын даярдайм. Дарысын убактысы менен берем. Жуунтам, кийимин алмаштырам, чачын тарап, төшөгүн жыйнайм. Кээде түн ичинде бир нече жолу туруп абалын карайм. Өзүмдүн чарчаганымды, ооруп турганымды да унутуп калам. Анткени оорулуу адам сага муктаж болуп турганда, өз жаныңды ойлогонго убакыт болбойт экен.
Бирок мени эң көп оорутканы – ушул эмгегимди көрбөгөндөрдүн сөзү май сөөктү сыздатат. Кыздары келип алышып, «эмнеге мындай?», «эмнеге тигиндей эмес?» деп урушуп кетишет. Бир жолу да «рахмат» деген сөз уккан жокмун.
Ошондо ичимден миң жолу суроо берем: эгер мен туура эмес карап жатсам, анда эмнеге өзүңөр алып барып карабайсыңар?Эненин мээримин эч ким алмаштыра албайт деп айтышат. Анда эмне үчүн ошол энени багуу жоопкерчилигин башка бирөөнүн мойнуна таштап, сырттан туруп күнөөлөө оңой болуп калды?
Мен эч качан өзүмдү периште деп эсептебейм. Мен да адаммын. Мен да чарчайм, ыйлайм, көңүлүм ооруйт. Бирок баарына чыдап келдим. Себеби бул жашоодо эң биринчи адамгерчилик, андан кийин гана баары келет деп ишенем. Жолдошум колдоп «апамды жакшы кара мен сени төбөмө коюп сыйлап багып алам. Эжелерим сүйлөй беришет аларга көңүл бурба. Ортодо балдар бар аларды ойло. Картайганда экөөбүздү кудай бирөөгө муктаж кылбасын. Мен сенден ыраазымын»,- деген сөздөрү эле кубат берет мага
Кээде түн ичинде жалгыз отуруп: «Жараткан, күч бере көр» деп дуба кылам. Анткени адамдардын оор сөзүн көтөрүү кээде оорулуу адамды көтөргөндөн да кыйын экен.
Мен бирөөнүн мактоосун күтпөйм. Бирок адилеттик болгону жакшы экен. Бир күн болсо да келип, оорукчан адамды күнү-түнү карап көрүшсө, анда бул эмгектин канчалык оор экенин түшүнүшмөк.
Жашоодо ар ким өз кылганы үчүн жооп берет. Мен болсо абийирим таза экенине ишенем. Анткени алты жылдан бери кайынэнемди өз энемдей көрүп, колдон келишинче кам көрүп келе жатам.
Бир күнү ар ким өзүнүн кылган ишине жараша жообун алат. Ошол күн келгенче сабыр кылуудан башка айлам жок.. Жакшылык менен сабырдын акыбети сөзсүз кайтат.



