Коом

Адылбек Касымалиев Нурдан Орунтаевдин ипотека боюнча билдирүүсүн катуу сынга алды

Министрлер кабинетинин жыйынында төрага Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин мамлекеттик ипотекалык турак жай боюнча айткан сөзүн сынга алды.

Анын айтымында, министр катышкан «Ачык кабинет» долбоору жакшы деңгээлде уюштурулган. Бирок журналисттин мамлекеттик ипотекалык үйлөрдөгү унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги тууралуу суроосуна министрдин:

«Мамлекеттик ипотеканын катышуучулары адегенде ипотекалык насыясын толук төлөп бүтүп, андан кийин гана унаа сатып алышы керек» деген жообу коомчулуктун маанайын түшүнбөгөндүктү көрсөткөн.

Касымалиев жарандар көп жылдап үй алуу үчүн акча чогултуп, насыя алып, күнү-түнү эмгектенерин белгилеп, министрдин элге качан унаа сатып алууну үйрөтүүгө акысы жок экенин айтты. Ал бул билдирүү коомчулукта чоң нааразылык жаратып, аткаруу бийлигинин дарегине катуу сын айтылганын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы мындан ары мындай орунсуз билдирүүлөргө жол бербөөгө чакырып, бардык министрлер бул окуядан сабак алышы керек экенин эскертти.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button