Коом

Пекин — Бишкек багыты боюнча аба каттамы ачылат

Кытайдын улуттук авиакомпаниясы Air China Кыргызстанга каттай баштайт.

Компания Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча түз каттамдарды ачат.

Рейстер жумасына үч жолу — дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A321 учактары менен аткарылат.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын маалыматы боюнча, Air China компаниясынын Кыргызстандын авиациялык рыногуна кириши өлкөнүн аба мейкиндиги үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Бул Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы авиакомпаниялар үчүн кызматташууга ылайыктуу болуп жатканынан кабар берет.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button