Коом

Ошто Оксфорд мектебинин курулушу башталды

Бүгүн, 20- июлда Ош шаарында Oxford International School инновациялык билим берүү комплексинин курулушуна мезгил кутучасы салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага мэр Жанарбек Акаев катышып, жаңы комплекс шаардагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жаш муун үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү инвестициялык долбоорлордун бири экенин белгиледи.

Шаар башчысы ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында мэрия тарабынан мындан ары да ар тараптуу иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, билим берүү ордосу Ашимахунов көчөсүндө жайгашып, 700 орундуу мектепти жана 140 орундуу бала бакчаны камтыйт. Мында заманбап окуу класстары менен катар лабораториялар, китепканалар, спорттук залдар, чыгармачылык борборлор жана ачык спорттук аянтчаларды куруу каралган.

Тектеш кабарлар

Back to top button