«Алыкул фест – 2026» эл аралык поэзия фестивалы өтөт

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун 100 жылдыгына жана Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин 45 жылдыгына арналган «Алыкул фест – 2026» эл аралык поэзия фестивалы жана ыр сынагы өтөт.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, сынак Чүй облусунун Каптал-Арык айылындагы Алыкул Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык маданий комплексинде уюштурулат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 21-сентябрда өтөт.
Сынакка Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз акындары, калемгерлер, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин чыгармачыл өкүлдөрү катыша алышат. Эл акындарынан тышкары, жаш курагына карабастан бардык авторлор катышууга укуктуу. Чет өлкөлүк катышуучулар үчүн онлайн формат каралган.
Ар бир автор сынакка үчкө чейин мурда эч жерде жарыяланбаган ырын жөнөтө алат. Чыгармалар поэзиянын көркөм талаптарына жооп берип, сынактын темасын толук ачып бериши керек.
Сынакка чыгармаларды кабыл алуу 28-август күнү саат 18:00гө чейин уланат.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: +996 700 606 105, +996 777 796 398, +996 501 312 276 (WhatsApp).



