Коом

Ыхывал Абдувалиеванын үй-бүлөсүнө бардык шарты менен жаңы курулган үй берилди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Лейлек районунун тургуну Ыхывал Абдувалиеванын үй-бүлөсүнө Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылынан бардык шарты менен жаңыдан курулган турак үй тапшырылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, үйдүн ачкычын облус башчысы Мамыржан Рахимов тапшырды.

Белгилей кетсек, Ыхывал Абдувалиева жана анын үй-бүлөсү Тажикстандын жарандары болгон. Алар 2016-жылдан баштап кыргыз жарандыгын алып баштаган. Тажикстанда алар жашаган турак үй Ыхывал Абдувалиеванын кайненесинин атына катталган.

2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында айрым аймактар алмашылып, Абдувалиевалар жашаган үй Тажикстандан Кыргызстанга өткөн.

Мындай учурда, мыйзамга ылайык Тажикстандан Кыргызстанга өткөн турак үйлөр үчүн тажик тарап жарандарды турак үй менен камсыздоосу керек.

Бирок Абдувалиеванын үй-бүлөсү кыргыз жарандыгын алып Кыргызстанда жашагандыктан турак үй ала алышкан эмес. Ошондуктан Бишкек шаарында батирде жашап жүрүп, маалымат каражаттары аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Мындан улам аталган үй-бүлөнүн оор шартын эске алып, президент жергиликтүү бийликке үй менен камсыздоону тапшырган.

Эске салсак, Ыхывал Абдувалиева сыяктуу Лейлекте дагы сегиз үй-бүлө бар. Алар алдыда Тажикстандан Кыргызстандын аймагына өткөн турак үйлөрдү бөлүштүрүү иштеринин алкагында турак жай менен камсыздалат.

Тажикстандан Кыргызстанга өткөн турак жайларды 2021–2022-жылдардагы чек ара окуяларында турак жайынан жабыркаган жарандардын экинчи үйлөрү катары бөлүп берүү макулдашылган. Бул боюнча министрлер кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынат. Чечимге ылайык, жеринде түзүлгөн комиссия тарабынан турак жайлар белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын айрым аймактарды алмашуусунун жыйынтыгында, Баткен облусундагы 259 турак үй Тажикстанга, ал эми Тажикстандын Согди облусундагы 214 турак үй Кыргызстанга өткөн.

Турак жайы Кыргызстандан Тажикстандын аймагына өткөн жарандар үчүн мамлекет тарабынан Баткен районундагы Жаңы-Достук айылында жана Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарында жалпысынан 257 турак үй курулуп, ээлерине тапшырылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button