Окуялар
Кара-Сууда газ коюлган автоунаа жарылып кетти

Кара-Суу районунда көчөдө токтоп турган автоунаа жарылып кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкан.
Окуя кечээ Кашкар-Кыштак айылында орун алган.
Жол милициясы кырсыкка газ менен жүргөн автокөлүктүн техникалык жактан оң эместиги себеп болгонун билдирди.
Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.



