Окуялар
Бишкекте криптовалюта алдамчылыгына шектүү кармалды

Бишкекте $ 82 550 (82 550 долларга барабар) өлчөмүндөгү криптовалютага байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу 2024-жылдын 21-августунда USDT криптовалютасын долларга алмаштырып бермекчи болгон адамдарга өткөрүп берген. Алар электрондук акчаны алган соң тил эмизип жүрүп, акыры из суутуп кетишкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголуп, колго түшүрүлгөн 33 жаштагы шектүү, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатканы кошумчаланды.



