Коом

Эсептөө палатасы Мамлекеттик салык кызматынан миллиарддаган сомдук тобокелдиктерди жана финансылык эреже бузууларды аныкталды

Эсептөө палатасы Мамлекеттик салык кызматындагы аудиттин жыйынтыгы менен миллиарддаган сомдук тобокелдиктерди жана финансылык эреже бузууларды аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Мамлекеттик салык кызматында 2025-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жана кызматтын өз бюджетинин сарпталышына карата шайкештик аудитин аяктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы салык башкаруусунда да, мекеменин финансылык тартибинде да олуттуу мүчүлүштүктөр бар экенин көрсөттү.

​Аудиттин жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн декларациялары, отчеттору жана эсеп-фактуралары боюнча 11 миллиард 559 миллион сом салык бюджетке түшпөй калуу тобокелдиги бар экени ачыкталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул сумманын ичинен 3 миллиард 211,3 миллион сому кошумча эсептелип, бюджетке кайтаруу иштери башталды.

​​Адистердин баалоосу боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгы Салык кызматында ички финансылык көзөмөл начар экенин жана салык башкаруусундагы тобокелдиктерди жөнгө салуу керектигин айгинелейт.

​Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы Мамлекеттик салык кызматына аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү, бюджеттик каражаттарды туура пайдалануу жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйрук жана сунуштамаларды берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button