Окуялар

Ошто уулунун мушташы үчүн атасы убактылуу кармоочу жайга камалды

Социалдык тармактарда тараган өспүрүмдөрдүн мушташы боюнча видео боюнча Ош шаарында кылмыш иши козголду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, «Анар» кичи районунун тургуну милицияга кайрылып, 15 жаштагы уулу жаңжалдан кийин денесинен жаракат алганын билдирген.

Милиция кызматкерлери окуяга катышкандарды аныкташкан. Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, жаңжал өспүрүмдөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыккан. Мушташка өспүрүмдөрдүн биринин атасы да аралашып, видеодо көрүнгөндөй, жаңжалды токтотуунун ордуна өспүрүмдөрдүн бирине өзү да сокку урган.1982-жылы туулган бул жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Ээнбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Жабыркаган өспүрүмдөн көрсөтмө алынып, алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда эки өспүрүмдүн мушташын жана аларды токтотуунун ордуна жаңжалды күчөткөн чоң кишинин аракеттерин чагылдырган видео кеңири тараган.

Тектеш кабарлар

Back to top button