Кыргызстанда жашылчалардын баасы эмне себептен кымбаттаганы айтылды

Кыргызстанда социалдык маанидеги товарлардын баасына күн сайын мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын анализ, отчеттуулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Оксана Горянова билдирди.
Анын айтымында, учурда азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды камтыган 16 түрдүү социалдык маанидеги товардын баасы көзөмөлдөнөт.
«Мониторинг тышкы факторлордун таасиринен улам негизсиз баа өсүшүнө жол бербөө үчүн үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Айрым учурда логистикалык көйгөйлөрдөн же жеткирүүнүн кечигишинен пайдаланып, айрым соодагерлер бааларды көтөрүп жиберишет. Ошондой эле доллардын курсу же дүң баалар жогорулады деген жүйө менен базарда дүрбөлөң жаралышы мүмкүн», — деди Оксана Горянова.
Ал ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирген сабиз менен пияздын баасынын өсүшүнө да түшүндүрмө берди.
«Азыр баалардын бир аз көтөрүлүшү байкалууда, бирок бул сезондук көрүнүш. Жаш пияз менен сабизди алып келген коңшу өлкөлөрдө түшүм кечигип, жеткирүү болжол менен эки жумага артта калды. Бирок баалар кескин өскөн жок. Товар жетиштүү көлөмдө бар, жакын арада жергиликтүү түшүм да сатыкка чыгат», — деди ал.
Учурда пияздын орточо баасы 31 сом, сабиздики 47 сом, ал эми картошка 35–39 сомдун тегерегинде.Анын айтымында, башка товарлардын баасы туруктуу бойдон калууда. Маселен, логистикадагы өзгөрүүлөргө карабастан, өсүмдүк майынын баасы жыл башынан бери кескин жогорулаган эмес.
Буга чейин тоок жумурткасынын баасы эмдөө иштери жана жумурткалоочу тоокторду алмаштыруу сыяктуу объективдүү себептерден улам жогорулаган. Азыр болсо өндүрүш калыбына келип, Канаттуулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, август айында өлкөнүн ички керектөөсү толук камсыздалат. Натыйжада жумуртканын баасы төмөндөй баштады.
Ошондой эле эт рыногунда малдын көбү жайлоодо болгондуктан сезондук өзгөрүүлөр байкалганы менен, өлкөдө эт тартыштыгы жок экени белгиленди.



