Коом

Өлкөдө автоунааларды кайра жабдуу жана газ жабдууларын орнотуу эрежелери күчөтүлдү

Кыргызстандын Министрлер кабинети колдонууда жүргөн автоунаалардын түзүлүшүнө өзгөртүү киргизүү жана газ баллондук жабдууларга коюлуучу талаптарды бекитти.

Бул документ Кыргызстандын нормаларын Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламентине ылайыкташтыруу максатында кабыл алынды.

Жаңы эрежелер автоунааларды кайра жабдуу тартибин, анын ичинде газ жабдууларын орнотууну жөнгө салат.

Техникалык талаптарга ылайык, автоунааны кайра жабдуудан мурда алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүлүшү керек. Адистер киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин унаа коопсуздук талаптарына жооп берерин текшерет. Жумуштар бүткөндөн кийин унаа кайрадан текшерүүдөн өтөт.

Бул талаптар төмөнкү учурларда колдонулат:

-кузов же кыймылдаткыч алмаштырылганда;

-жүргүнчүлөр үчүн орундардын саны өзгөртүлгөндө;

-жүк ташуучу унаалар кайра жабдылганда;

-кошумча жабдуулар орнотулганда;

-автоунаа газга өткөрүлгөндө.

Газ баллондук жабдууларга (ГБО) коюлган талаптар:

-ар бир баллондун өзүнүн паспорту, сериялык номери жана газдын түрү (суюлтулган же кысылган жаратылыш газы) көрсөтүлгөн белгиси болушу керек;

-ГБО атайын уруксат берилген уюмда мезгил-мезгили менен текшерилип турушу зарыл;текшерүүдөн кийин унаа ээсине тиешелүү күбөлүк берилет.

Төмөнкү учурларда автоунааны пайдаланууга тыюу салынат:

-баллондун текшерүү мөөнөтү өтүп кетсе;

-жабдуулардын бекитилиши бузулса;

-газ чыгып кетсе.

Орнотулган газ жабдуусунун түзүлүшүн жана комплектин өз алдынча өзгөртүүгө болбойт. Баллонду же редукторду алмаштыруу атайын адистешкен уюм аркылуу жүргүзүлүшү керек.

Ички иштер министрлигине, Жаратылыш ресурстары министрлигине жана Стандартташтыруу жана метрология борборуна жаңы токтомго ылайык өз чечимдерин өзгөртүү тапшырылды.

Ошол эле учурда 2016-жылдан бери колдонулуп келген автоунааларды кайра жабдуу боюнча мурдагы эрежелер жана ага киргизилген кийинки өзгөртүүлөр күчүн жоготот.

Тектеш кабарлар

Back to top button