Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдө өтүүчү эл аралык иш-чараларга карата даярдыкты текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында алдыдагы эл аралык иш-чараларга карата инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдык иштерин текшерди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчысы алгач «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна барып, анын инфраструктурасынын абалы жана даярдык иштери менен таанышты.
Андан соң Ысык-Көл районунун Бает айылында өтө турган «UIM F1H2O – Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026» суу-мотор спорту боюнча эл аралык мелдешке даярдык көрүү иштери менен таанышты. Ага уюштуруу иш-чаралары жана керектүү инфраструктура тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда болуп, «Ысык-Көл» Golf Resort комплексинин долбоору менен таанышты.
Мындан тышкары, ал Чолпон-Атадагы Этномаданиятты, ат спорту индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борборунун (ипподромдун) курулуш иштерин көрүп чыгып, ат спорттук мелдештерди өткөрүүгө арналган жаңы аренанын долбоору сунушталды.
Касымалиев ошондой эле Кырчын жайлоосунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштерин текшерди. Ага этношаарчанын курулушу, аймакты көрктөндүрүү, мелдеш өтүүчү аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктура түзүү боюнча маалымат берилди.
Жумушчу сапардын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бардык иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.
Өзгөчө коопсуздукту камсыздоого, аймактарды көрктөндүрүүгө, инфраструктураны даярдоого, ошондой эле эл аралык иш-чаралардын катышуучулары менен конокторун татыктуу кабыл алууга өзгөчө көңүл буруу милдеттендирилди.



