Дүйнө

Airbus A350-1000ULR учагы эң узак тынымсыз учуулар боюнча сыноодон өттү

27-июлда Airbus A350-1000ULR учагы Австралиянын Мельбурн шаарынан Франциянын Тулуза шаарына чейин тынымсыз учуп барды. Учак абада 24 саат 24 мүнөт болуп, Тынч океан жана Канаданын үстүнөн өтүп, 23 075 чакырым аралыкты басып өттү.

Сыноо учагы Австралиянын Qantas авиакомпаниясы үчүн иштелип чыккан. Аны Airbus компаниясынын экипажы жана авиакомпаниянын учкучтары биргелешип башкарган.

Учакка 20 миң литр кошумча күйүүчү май баткан бак орнотулган. Бул коммерциялык каттамдарды 22 саатка чейин аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, учакта жүргүнчүлөр басып-кыймылдап, суу иче турган атайын зона, өзгөчө жарыктандыруу жана тамактануу режими, ошондой эле кененирээк салон каралган.

Qantas авиакомпаниясынын маалыматына ылайык, Сидней — Лондон багыты боюнча дүйнөдөгү биринчи тынымсыз каттамдар жүргүнчүлөргө азыркы эң ылдам бир жолу конуу менен учкан каттамдарга салыштырмалуу төрт саатка чейин убакыт үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Qantas компаниясы 238 орундуу 12 даана A350-1000ULR учагына буйрутма берген. Биринчи сериялык учакты авиакомпания 2027-жылдын апрель айында алууну пландап жатат. Ал эми октябрь айында болжол менен 20 саатка созулган Сидней — Лондон багыты боюнча күнүмдүк тынымсыз каттамдар башталат. Бул каттамга билеттер 2027-жылдын февралынан тарта сатыла баштайт. Кийинки багыт Сидней — Нью-Йорк болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button