Окуялар
Токтогулда мас айдоочуга 100 миң 500 сом айып салынып, эки жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды

Токтогул районунда мас абалында унаа башкарган айдоочу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, унаасы менен качууга аракет кылган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, мыйзам бузган айдоочуга 100 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, ал эки жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылды.
Айдоочунун унаасы айып короосуна киргизилди.



