“Башка эле аялды менин жубайым кылып салыптыр”. Алымкадыр Бейшеналиев “толгон-токой унаасы” бар деген маалымат боюнча жооп берди

Саламаттык сактоо министри депутат Жусупбек Коргонбай уулу туура эмес маалымат чыгарып, аны соцтармакка жайылып жатканына тынчсызданды.
“Кулматова Гульнара Ренатовна Бейшеналиевдин жубайы, ага көп машинелер катталган дептир. Гульнара Ренатовна менин аялым эмес. Маркум Кульматов Ренатты кайнатам дешиптир, бул дагы жалган. Менин аялым Кульматова Замира Марленовна. Эл өкүлү башка эле адамды менин жубайым кылып салганы абдан осол иш. Анын калптарына ишенбеңиздер”, — деди ал.
Аткаминердин айтымында, жубайынын 2002-жылы чыгарылган Lexus RX 300 унаасы бар, кызы Салтанат Бейшеналиевага 2008-жылкы Honda accord катталган.
“Жубайым эки жыл мурун рак илдетине чалдыгып, Турцияда 9 ай дарыланганын мурда айттым эле. Учурда Россияда химия алып жатат. Интернетте тарап жаткан жалган маалыматтар оорулуу адамга абдан терс таасирин тийгизет экен”, — деди Бейшеналиев.



