Коом
«Бала ырысы» жөлөк пулун төлөөгө 235,7 млн сом каржыланды

2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулу 191 миң 796 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-августта жөлөк пулду төлөөгө 235,7 млн сом каржыланды. Эми коммерциялык банктар алуучулардын эсептерине каражаттарды которууну баштайт.
Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдар үчүн «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоого арыздарды кабыл алуу башталган.



