Бишкек мэриясы шаар тургундарын коомдук транспортту колдонууга чакырат

Бүгүнкү күндө коомдук транспорт жеке унаага ыңгайлуу жана үнөмдүү альтернатива болуп саналат. Ал күйүүчү майга, техникалык тейлөөгө жана унаа токтотуучу жайга кеткен чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Акыркы жылдары Бишкекте автобустардын паркы кыйла жаңыртылды. Заманбап автобустар жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана жайлуу жүрүүсү үчүн бардык шарттар менен камсыздалган. Ал эми транспорт системасынын санариптештирилишинин аркасында жол кирени банк картасы, QR-код, «Тулпар» транспорттук картасы жана башка накталай эмес төлөм ыкмалары аркылуу төлөөгө болот.
Муниципалдык автобустар экологиялык жактан таза күйүүчү майдын түрлөрү менен иштейт. Бул зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын азайтып, Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртууга көмөк көрсөтөт.
Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспортко арналган атайын тилкелерди өнүктүрүү иштери уланууда. Бул автобустардын тыгын болгон жол тилкелеринен тезирээк өтүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле 60 мүнөттүн ичинде акысыз кайра отуруу мүмкүнчүлүгү бар. Анын негизинде жүргүнчүлөр кошумча төлөмсүз бир нече каттамды пайдалана алышат.
Коомдук транспортту колдонуу жеке унааны эксплуатациялоого кеткен чыгымдарды, анын ичинде унаа токтотуучу жайга кеткен каражатты үнөмдөөгө жардам берет.
Ар бир автобус менен жасалган сапар жолдордогу транспорттук жүктү азайтууга, тыгындарды кыскартууга, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын төмөндөтүүгө жана борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга салым кошот.



