Коом

Кыргызстан ок атуу боюнча КМШ чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Кыргызстанда КМШга мүчө мамлекеттердин достук армияларынын XVII Спартакиадасынын алкагында өткөн штаттык (табелдик) куралдан ок атуу боюнча чемпионат жыйынтыкталды.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы жогорку кесипкөйлүгүн, так мергенчилигин, сабырдуулугун жана мыкты чеберчилигин көрсөтүп, жалпы командалык эсепте 1-орунду ээледи.

2-орунду Казакстандын, 3-орунду Орусиянын, 4-орунду Өзбекстандын, ал эми 5-орунду Беларустун командалары ээледи.Чемпионаттын жүрүшүндө аскер кызматкерлери АК-74 автоматы жана Макаров тапанчасы менен ок атуу боюнча тапшырмаларды аткарып, жеке жана командалык эсептерде күч сынашты.

Жабылуу аземинде Коргоо министринин орун басары, полковник Алмазбек Кулмурзаев жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине сыйлыктарды тапшырды.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button