Коом
21-августка карата аба ырайы
Бүгүн өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын жергесинин кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Таласта +27…+32, Ысык-Көлдө +28…+30, Нарын регионунда +24…+29 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32…+34 градуска чейин жетет.



