Голливуд актрисасы Бай Лин Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келет

Голливуддун белгилүү актрисасы Бай Лин кыргызстандыктарга кайрылып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстанга келерин билдирди.
Актриса алдыдагы эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, Кыргызстанга келип, өлкөнүн маданияты жана каада-салттары менен таанышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасын сезүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.
Бай Лин — кытай тектүү актриса. Ал Голливуддагы эмгеги жана көптөгөн эл аралык кинодолбоорлорго катышуусу менен кеңири таанылган. Көрүүчүлөр аны «Карга» (1994), «Кызыл бурч» (1997), «Анна жана падыша» (1999), «Такси 3» (2003), «Пельмендер» (2004), «Асман капитаны жана келечек дүйнөсү» (2004), «Адреналин 2: Жогорку чыңалуу» (2009) жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу жакшы билишет.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт. Оюндарда көчмөн элдердин бай мурасы, улуттук спорт түрлөрү, маданияты, искусствосу жана каада-салттары дүйнө коомчулугуна тааныштырылат.



