Коом

Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылына глэмпинг лагери ачылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылына глэмпинг лагери ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду билдирет.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү ишкер туризмди өнүктүрүү максатында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна долбоор менен кайрылган. Долбоор фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылып, 5 млн сом өлчөмүндө пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам бөлүп берүү чечими кабыл алынган.

Бөлүнгөн каражатка ишкер глэмпинг лагерине керектүү курулуш материалдарын жана жабдыктарды сатып алган.

Ошондой эле тиешелүү инфраструктураны уюштуруп, туристтер үчүн ыңгайлуу эс алуу жайын түзгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button