Саясат

Садыр Жапаров менен Рахмон ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол койду

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюу аземине катышты.Мамлекет башчылары бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бекем пайдубалы болуп, келечек муундарга саясий жетилгендиктин, боордоштуктун жана тарыхый жоопкерчиликтин үлгүсү болоруна ишенимин билдиришти. Ратификациялык грамоталар эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдейт жана чек араны толук демаркациялоо, чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button