Коом
Кыргызстандыктарга Казакстанга баруу үчүн алдын ала электрондук уруксат талап кылынбайт

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Женишбек Асанкулов менен жолугуп, Казакстандагы жаңы миграциялык эрежелерди жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо маселесин талкуулады.
Казакстанда чет элдиктер үчүн QazETA сыяктуу санариптик миграциялык механизмдер этап-этабы менен киргизилүүдө. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, азырынча кыргызстандыктарга Казакстанга баруу үчүн алдын ала электрондук уруксат талап кылынбайт.
Депутат ЕАЭБ алкагындагы миграциялык келишимдерди талдап, өзгөрүүлөр тууралуу кыргызстандыктарга өз убагында маалымат берүүнү сунуштады.



