Министрлик жарандардын банктык депозиттерин коргоону күчөтүүнү сунуштайт

Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык депозиттерин (аманаттарын) коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат.
Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери Депозиттерди коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2 пайызга барабар суммасын которуп турууга тийиш.
Бирок бир нече жылдын ичинде эл акчаны көбүрөөк сала баштаган, тагыраагы, кепилденген аманаттардын көлөмү 10 эсеге, ал эми фонддогу каражаттын көлөмү үч эсеге жетпеген өлчөмдө көбөйгөн. Азыркы тапта ал депозиттин 4,3 пайызын гана жабат, бирок мыйзам боюнча, минималдуу чек 12 пайызды түзүшү керек.
Экономика министрлиги мындан улам жаңы коюмдарды бекитүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Банктын туруктуулугуна жана кабыл алынуучу тобокелдиктердин деңгээлине жараша алар жалпы депозиттик базанын 0,4-0,5 пайызын түзөт.
Министрлик бул чара элдин банктарга болгон ишенимин бекемдеп, аманаттарды коргоо системасын туруктуураак кылат деп белгилейт.



