Окуялар
УКМК «Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан» багыты боюнча баңгизаттарды жеткирүүнү уюштурган топту кармады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында «Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан» багыты боюнча баңги каражаттарын жеткирүүнүн жана сатуунун эл аралык каналын уюштурган баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, салмагы 1 кг 100 грамм болгон баңги каражаттарын сатуу учурунда Кыргыз Республикасынын жарандары М.Д.Н. жана Н.А.К. кармалды.
Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



