Коом
Медицина кызматкерлерине ден соолукту чыңдоо борбору курула баштады

Ысык-Көлдө “Ден соолук” ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусунун курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жаңы комплекс дарыгерлер, фельдшерлер, медайымдар жана саламаттык сактоо системасынын бардык адистери үчүн ден соолукту калыбына келтирүүгө, күч-кубат топтоого жана үй-бүлөсү менен эс алууга ыңгайлуу заманбап жай болуп эсептелет.
Ал 40 орунга ылайыкташып, эс алуучулар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, жаңы, заманбап эмеректер менен толук жабдылат.
Долбоор өлкөнүн социалдык чөйрөсүндөгү өзгөчө демилге катары саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлүк төгүмдөрүнүн эсебинен курулуп жатат.



