Ит-мышыктарга чип тагууну милдеттендирүүнү сунушталды

Ит-мышыктарга чип тагууну милдеттендирүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев коомдук талкууга койду.
Андагы негизги сунуштар:
ит, мышыктарга микрочип орнотуп, мамлекеттик реестрге каттоо милдеттүү болот. Үй жаныбарларын каттоого кеткен чыгымды ээси төлөйт;
иттерди көчөгө кароосуз кое берүүгө жана жаныбарлардын көзөмөлсүз көбөйүшүнө жол берилбейт;
жаныбарларды сабоого, кыйноого, ууландырууга жана алыштырууга тыюу салынат;
кооптуу иттерди тумшук капсыз жана боосуз сейилдетүүгө болбойт. Аларды 16 жашка чыга элек балдар сейилдете албайт;
жолбун ит-мышыктар кармалып, текшерилет, эмделет жана бычылат. Андан соң ээси табылса кайтарылып, табылбаса баш калкалоочу жайга же жаңы кожоюнга берилет;
муниципалитеттер кармалган, стерилизацияланган, эмделген, жаңы ээсине берилген жана эвтаназия жасалган жаныбарлар тууралуу маалыматты, ошондой эле бюджеттик чыгымдарды жыл сайын жарыялоого милдеттүү болот.
Долбоор кабыл алынса, эл буга чейин катталбаган ит-мышыктарын мыйзам күчүнө киргенден кийин жыл ичинде каттоого тийиш.



