Маданият

Кырчын жайлоосуна 150 миңге жакын адам барды

1 — 2-сентябрда Кырчын жайлоосуна 150 миңге жакын адам барды. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары билдиришти.

Кырчын — Оюндардын негизги аянтчаларынын бири. Бул жерде спорттук мелдештерден тышкары маданий жана этнографиялык программа да өтүп жатат.

Жайлоонун аймагында Кыргызстандын аймактарын тааныткан көчмөн айылдар уюштурулган. Конокторго улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар, элдик кол өнөрчүлүк, улуттук оюндар, музыка жана улуттук тамак-аштар көрсөтүлүүдө.

Кырчынга Кыргызстандын тургундары менен катар чет өлкөлүк туристтер, спортчулар жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да келишүүдө.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта башталып, 6-сентябрга чейин уланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button