Коом

Бишкекте унаа кыймылына киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды

Бул тууралуу борбор калаанын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

ЖКККБ айдоочуларга жана жол кыймылынын башка катышуучуларына чыдамдуулугу, түшүнүү менен мамиле кылганы жана белгиленген чектөөлөрдү сактаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу Бишкектеги айрым жолдор жабылып, унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Учурда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button