Коом
Кыргызстанда автоунаа өндүрүшү 62,6% өстү

2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстанда иштеп жаткан баалар менен 3 млрд 327,6 млн сомдук автоунаа өндүрүлдү. Бул болжол менен 37,9 млн долларды түзөт.
Маалымат Улуттук статистика комитетинин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлгөн талдоосунда айтылат.
2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу автоунаа өндүрүшү 62,6 пайызга өскөн. Анда өндүрүштүн көлөмү 2 млрд 45,8 млн сомду түзгөн.
Ал эми 2026-жылдын июль айында 463,8 млн сомдук автоунаа өндүрүлгөн.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Кыргызстанда жалпы 5 млрд 9,3 млн сомдук, же 57,3 млн долларга жакын автоунаа өндүрүлгөн.



