Коом

Arash, Согдиана жана Кайрат Нуртас. Таласта Эгемендүүлүк күнүнө карата чоң концерт өтөт

Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 12-сентябрда чет элдик аткаруучулардын катышуусунда чоң концерт өтөт. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Тарыхый датага арналган расмий иш-чара Талас шаарындагы борбордук аянтта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт.

Программада чоң майрамдык концерт, дрондордун шоу-программасы, фейерверк, ошондой эле кыргызстандык жана чет элдик эстрада жылдыздарынын өнөрлөрү каралган.

Майрамдын атайын коноктору катары Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, концерт Талас шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы аянтта өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button