Коом
Ош облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
КР УКМК ички иштер органдары менен биргеликте Ош облусунун аймагында миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган «Нелегал» аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө атайын кызмат жана укук коргоо органдары, биринчи кезекте, түшүндүрүү-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө басым жасашты. Анда чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун тартиби жана коомдук тартипти сактоо талаптары түшүндүрүлдү.


Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 2026-жылдын август айында 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды.




