Коом

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 507 адам медициналык жардамга кайрылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда бардык негизги аянтчаларда медицина кызматкерлери нөөмөттө туруп, жардамга муктаж болгон катышуучуларга жана конокторго медициналык жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 27-августтан 2-сентябрга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аянтчаларында 507 адам медициналык жардамга кайрылган.

Кайрылуулардын эң көп кездешкен себептеринин арасында жеңил жаракаттар, өнөкөт оорулардын, анын ичинде гипертония жана кант диабетинин күчөшү, ошондой эле аллергиялык реакциялар болгон.

Мындан тышкары, коноктор тамак сиңирүү органдарынын бузулушу жана суук тийүүнүн белгилери боюнча да медиктерге кайрылышкан.

Адистер мындай кайрылуулардын айрымдарын аба ырайынын өзгөрмөлүүлүгү менен байланыштырышууда.

Медиктер Оюндардын катышуучуларына жана конокторуна жөнөкөй алдын алуу чараларын сактоону эскертишти. Атап айтканда, аба ырайына жараша кийинип, температуранын өзгөрүшүн жана жаан-чачын болушу мүмкүн экенин эске алуу сунушталат. Жаныңызда жылуу жана суу өткөрбөгөн кийим алып жүрүү зарыл.

Өнөкөт оорусу бар адамдар өз абалын көзөмөлдөп, дарыгер дайындаган дарыларды убагында кабыл алышы жана керектүү дарыларын өздөрү менен алып жүрүшү керек. Эгер дарыгер кан басымды же кандагы канттын деңгээлин үзгүлтүксүз текшерүүнү сунуштаган болсо, иш-чараларга барганда да бул көзөмөлдү улантуу зарыл.

Жаракат алуу коркунучун азайтуу үчүн медиктер оюн аянтчаларында, айрыкча тегиз эмес жана тайгак жерлерде жүргөндө этият болууга чакырышты.Ошондой эле адистер жетиштүү суу ичүүнү, тамактанууну өткөрүп жибербөөнү жана тамак-ашка көңүл бурууну сунушташат. Тамак-ашты атайын уюштурулган жайлардан сатып алып, жаңы жана жакшы даярдалган азыктарды тандоо, ошондой эле колдун тазалыгын сактоо керек.

Саламаттык сактоо министрлиги ден соолуктун начарлашын күтпөөгө чакырды. Кооптуу белгилер пайда болгон учурда катышуучуларга жана конокторго жакынкы медициналык пунктка же Оюндардын аянтчаларында нөөмөттө турган медицина кызматкерлерине өз убагында кайрылуу сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button