Коом

Жаңы окуу жылында 6-11-класстар үчүн 8 ишемби окуу күнү кошулат

2026-2027-окуу жылында 6-11-класстын окуучулары окуу программаларын толук өздөштүрүү үчүн 8 ишемби күнү кошумча сабак окушат.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара окуу жылынын 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктарына байланыштуу кабыл алынууда.

«Кошумча 8 окуу күнүнүн графигин мектептер өз алдынча түзүп, ата-энелер жана аймактык билим берүү башкармалыктары менен макулдашат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 1-5-класстар үчүн беш күндүк окуу жумалыгы өзгөрүүсүз сакталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button