Дүйнө

Испанияда эки поезд кагышып, эл үч күн аза күтмөй болду

Испанияда эл ташыган эки поезддин кагылышуусунан 68 адам каза болуп, маалымат каражаттарынын жазышынча, кеминде 179 адам жабыркады.

Кырсык шаршемби күнү Толедо провинциясында болгон.

Транспорт министри Оскар Пуэнтенин айтымында, темир жолдогу кыймылды башкаруу системасынын иши үзгүлтүккө учураган.

«Тармактагы үч компьютердин ортосундагы байланыш жоголуп, Урда станциясындагы кыймылды башкаруу системасы өчүп калган. Натыйжада 63 чакырымдык тилке коопсуздук системасыз калган», — деди ал.

Министрдин түшүндүрмөсүнө караганда, ошол учурда бул тилкедеги алты поезддин баары токтогон. Кийин диспетчердик борбор Renfeкомпаниясынын поездине кыймылды улантууга уруксат берген.

Тектеш кабарлар

Back to top button