Коом
16-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалдык «Бишкекводоканал» ишканасы билдирди.
Суу Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакта, ошондой эле «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач» конуштарында жана «Полицейский городокто» болбойт.
Суу үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка объектилерге берилбейт.Суунун өчүрүлүшүнө «Контррезервуар» суу алгычында жүргүзүлүүчү оңдоо-профилактикалык иштер себеп болот.
«Бишкекводоканал» тургундардан жана уюмдардан алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат.



