Сирияда күйүүчү майдын кымбатташына каршы нааразылык акциялар өттү

Сириянын бир нече провинциясында бийликтин мунайзат продукцияларына болгон бааны көтөрүү чечимине байланыштуу нааразылык акциялары башталды. Акциянын катышуучулары бир нече унаа жолун, анын ичинде эл аралык М-5 трассасын жаап салышты.
Syria TV телеканалынын маалыматына караганда, нааразылык акциялары Алеппо, Идлиб, Хасаке, Ракка жана Дейр-эз-Зор шаарларында өтүүдө. Телеканал акция учурундагы ири өрттөрдүн кадрларын жарыялады. Нааразылык билдиргендер жолдорду жаап, дөңгөлөктөрдү өрттөшүүдө. Айрым шаарларда акциянын катышуучулары күйүүчү май ташыган автоцистерналардын өтүшүнө тоскоолдук кылышкан.
Сирияда күйүүчү майдын баасын Энергетика министрлигинин алдындагы атайын комитет белгилейт. 12-сентябрда комитет бензиндин, газдын жана дизелдик отундун баасын көтөрдү. Натыйжада күйүүчү май 25–40 пайызга кымбаттады.
Al-Ikhbariya телеканалынын маалыматына караганда, жекшембиден тартып 95 маркасындагы бензиндин бир литри мурдагы 152 сирия лирасынын ордуна 195 лираны түздү. Бул болжол менен 1,6 доллар. Дизелдик отундун баасы 125 лирадан 175 лирага чейин өстү (1 доллардан 1,43 долларга чейин).



