Жалал-Абадда 44 миң «акылдуу» эсептегич орнотулат

Жалал-Абад электр тармактары ишканасында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (АСКУЭ) киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдан бери облус боюнча 106 миң АСКУЭ эсептегичи орнотулду.
2026-жылы Токтогул жана Ноокен райондоруна дагы 44 миң «акылдуу» эсептегич орнотуу пландалууда. Бул багыттагы иштер улантылууда.
АСКУЭ системасы электр энергиясын керектөөнү так эсептөөгө, көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө чогултууга, эсептешүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана электр тармактарын натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет.
«Акылдуу» эсептегичтерди сатып алуу, орнотуу жана ага байланыштуу бардык чыгымдар «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААК тарабынан каржыланат. Алар керектөөчүлөргө акысыз орнотулат.



