Окуу китептеринин сатылышы боюнча укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады

Кыргызстандын базарларында мектеп окуу китептеринин сатылышы боюнча укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тапшырманы өкмөт башчы Адылбек Касымалиев берди. Буга жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн акысыз каралган окуу китептери соода түйүндөрүндө сатылып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгон.
Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Агартуу министрлигине окуучуларга акысыз бериле турган китептердин эркин сатыкка чыгып кетүү фактысын кылдат териштирүүнү, алардын базарларга түшүп калуу булактарын жана жагдайларын аныктоону тапшырды. Ошондой эле басылып чыккан, өткөрүлүп берилген жана бөлүштүрүлгөн нускалардын иш жүзүндөгү көлөмүн расмий буйрутмалар жана документтер менен салыштырып текшерүү милдеттендирилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.



