«Учкун» жеке мектептерге окуу китептерин сатуу укугунан ажыратылды

Билим берүү жана илим министрлиги «Учкун» мамлекеттик басмаканасынан жеке мектептер үчүн окуу китептерин сатуу укугун кайтарып алды. Бул тууралуу басмакананын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин мамлекеттик басмакана жеке мектептер үчүн окуу китептерин сатууга укуктуу болгон. Жеке мектептер керектүү окуу материалдарынын санын көрсөтүп, алдын ала өтүнмө беришкен. Бирок окуу китептеринин базарларда сатылып жатканы боюнча жаңжал чыккандан кийин, Билим берүү жана илим министрлиги жеке түзүмдөргө окуу китептерин сатуу укугун кайтарып алган.
Эске салсак, 2025-жылы мектептер үчүн жалпы 4,7 миллион окуу-методикалык комплекти (окуу китеби, жумушчу дептер жана мугалим үчүн колдонмо) даярдалып, бөлүштүрүлгөн. Быйыл 3,1 миллион комплект басылып чыкса, дагы 1,4 миллион комплектти басып чыгаруу иштери уланууда.
Ошого карабастан, ата-энелер мектептерде окуу китептери жетишсиз экенине, ал эми берилген китептер эскирип, айрымдары жараксыз абалга келгенине даттанууда.
Кийинчерээк мектептерге акысыз берилүүгө тийиш болгон «Учкун» басмаканасынын окуу китептери базарларда сатылып жатканы аныкталган.
Буга чейин, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен бул факт боюнча УКМК жана ИИМ текшерүү жүргүзүүнү тапшырганы маалымдалган.



