Коом

Кыргызстан Сеулда критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын сунуштады

Сеул шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев «Корея – Борбордук Азия» биринчи бизнес-саммитинде Кыргызстандын критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын сунуштады.

Ведомстводон билдиришкендей, министр өз сөзүндө Кыргызстандын олуттуу ресурстук потенциалын жана тоо-кен тармагын мындан ары диверсификациялоо зарылдыгын белгиледи. Өзгөчө көңүл критикалык минералдар секторун өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана эл аралык өнөктөштөр менен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.

Кыргызстан бардык этаптарда — геологиялык чалгындоодон жана казып алуудан тартып, сырьёну байытууга жана кайра иштетүүгө чейин кызматташууну сунуштайт.

Стратегия тармактын айкындуулугун жогорулатууну, инвесторлор үчүн туруктуу шарттарды түзүүнү, инфраструктураны жана технологияларды өнүктүрүүнү, эл аралык каржылоону жана өнөктөштүктү кеңейтүүнү, ошондой эле ESG принциптерин сактоону жана жергиликтүү жамааттарды колдоону караштырат.

Акыл Токтобаев инвесторлорду, технологиялык компанияларды жана финансылык институттарды критикалык минералдар тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button