Коом

Кендирбаева: Кыргызстанда орус тили жана башталгыч класстарга мугалимдер жетишсиз

Кыргызстанда мугалимдердин жетишсиздиги негизинен орус тили жана адабияты, ошондой эле башталгыч класстар боюнча байкалууда. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар жана маданият боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда мектептерге мугалимдердин келүүсү көбөйүп, штаттарды толуктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Негизинен орус тили жана адабияты боюнча адистер, ошондой эле башталгыч класстардын мугалимдери жетишпейт. Бул багытта иш алып барып жатабыз. Азыр мектептерге мугалимдердин келүүсү көбөйүүдө», — деди министр.

Кендирбаеванын маалыматына караганда, өткөн окуу жылында мугалимдердин жетишсиздиги болжол менен 800 адамды түзсө, жылдын аягына карата бул көрсөткүч 640ка чейин кыскарган.

«Өткөн жылы мугалимдердин жетишсиздиги 800 адам деген көрсөткүч менен башталган. Жылды 640 мугалим жетишпеген көрсөткүч менен аяктадык», — деди ал.

Министр мугалимдердин жетишсиздиги көбүнчө орус тилдүү мектептерде, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында байкалып жатканын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button