Коом

Кыргызстан менен Улуу Британия аскердик кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Улуу Британия аскердик тармактагы кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында билдирди.

29-сентябрда Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу, полковник Рустам Ормокоев Улуу Британиянын коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри, лорд Вернон Коакер менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу аскердик кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушууда аскер кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн англис тили боюнча курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн коргонуу тармагындагы байланыштарды чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button